Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү декларацияны өз учурунда тапшырууга чакырат.
Ведомстводон эске салышкандай, 1-майга чейин өткөн жылга кирешеси боюнча отчетту жеке ишкерлер, физикалык жактар, фермер-дыйкандар, мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын кызматкерлери жана жыл ичинде 300 миң сомдон жогору суммага мүлк сатып алган жарандар тапшырууга милдеттүү.
Декларацияны өз учурунда бербегендер айып төлөөгө аргасыз болот.