Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча иштин күчөтүлгөн тартибине өттү.
Ведомство маалыматына ылайык, салык органдары 1-апрелге чейин эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин иштейт.
Эске салсак, юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар 1-апрелге чейин бирдиктүү декларация тапшырышы керек. Отчетун өз учурунда тапшырбагандар айып төлөйт.