“Социалдык келишим” долбоорун ийгиликтүү ишке ашыргандарга 200 миң сомдон ссуда берүү пландалууда

“Социалдык келишим” долбоорун ийгиликтүү ишке ашыргандарга 200 миң сомдон ссуда берүү пландалууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди.

 

Анын айтымында, учурда банктар менен макулдашуулар жүрүп, тийиштүү нормативдик документтер даярдалууда. Каражат үч жылга пайызсыз берилет, — деди Полотова.

 

Эске салсак, бийлик жакырчылыкты жоюу жана калкты иш менен камсыз кылуу максатында эки жылдан бери “Социалдык келишим” долбоорун ишке ашырууда. Анын алкагында муктаж үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилет.