Кыргызстан мектептеринде бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынат. Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, президенттин жарлыгына ылайык, аттестат тапшыруу салтанаттуу иш-чарасы гана билим берүү органдарынын, ата-энелердин катышуусу менен өтүшү керек.
Андан кийин кафе-ресторандарда, жаратылыш койнунда отуруштарды уюштурууга тыюу салынат.
Буйрукту аткарбаган мектеп жетекчилерине дисциплинардык жоопкерчиликтен тартып кызмат ордунан бошотулганга чейинки чара көрүлөт.