“Алтын тамга” тестирлөөсү 25-апрелде өтөт

“Алтын тамга” тестирлөөсү 25-апрелде өтөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ага 2 миңден ашык бүтүрүүчү катышат. Жалпысынан 19 тест борбору уюштурулат.

 

Катышуучулар математика, эне тил жана адабият, Кыргызстан тарыхы, химия сабактары боюнча суроолорго жооп бериши керек. Эске салсак, “Алтын тамга” сынагын өзгөчө үлгүдөгү аттестаттка талапкер окуучулар тапшырат.