Кыргызстанда биринчи жолу бүтүрүүчүлөргө электрондук аттестат тапшырылат

Кыргызстанда биринчи жолу бүтүрүүчүлөргө электрондук аттестат тапшырылат.

 

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл 11-классты 73 миң 51 окуучу, ал эми 9-классты 128 миңден ашык окуучу аяктап жатат.

 

Аларга биринчи жолу кадимки кагаз аттестат менен катар электрондук аттестат дагы берилет. Ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө билими тууралуу электрондук күбөлүк берилет.