Ордо калаанын Ак-Бата конушунда жаңы мектеп пайда болот.
Мэриянын маалыматына ылайык, курулушка капсула салынды. Билим берүү мекемеси 1 гектардан ашык жерде жайгашып, 650 окуучуга чакталат.
Анда окуу класстарынан тышкары ашкана, спорт, музыкалык, конференц залдар жана стоматологиялык кабинет каралган.