Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Иш-чара бүгүн саат 10:00дөн 18:00гө чейин Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда болот. Анда дүйнөнүн булуң-бурчунан келген уникалдуу буюмдар, сувенирлер, улуттук тамактар жана суусундуктар коюлат.
Иш-чараны Тышкы иштер министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурууда.
Жарманке Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналып уюштурулуп, анда коюлган товарларды сатуудан түшкөн каражат кайрымдуулук иштерине жумшалат.