Шахмат боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 11-майда аяктап, жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
Белгилей кетсек, бул турнирдин жыйынтыгы менен Олимпиадалык курама команда түзүлөт. Ал эми Дүйнөлүк шахмат олимпиадасы сентябрь айында Венгрияда өтөт.