Бишкекте 16-майда бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, анда 4 миңден ашык вакансия сунушталат.
Иш-чара Жусуп Баласагы атындагы Кыргыз Улуттук унирвеситетинде өтөт. Жарманкеде 40тан ашык ири компания катышып, жарандарга иш берүүчү менен түз маектешүү аркылуу жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн түзүлөт.