Сирия менен Ирактан 517 бала Кыргызстанга кайтарылды

Сирия жана Ирактагы лагерлерден 517 өспүрүм жана бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Ташкентте билдирди. Маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы Фейсбукка жарыялады.

Рысбекова Өзбекстандын борборунда Борбор Азияга кайтып келгендерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери боюнча аймактык эксперттик кеңешинин жыйынына катышууда.

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 2018-жылдагы маалыматында айтылгандай, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Алардын туугандары көпчүлүк келиндерди күйөөлөрү алып кеткенин билдиришкен. Кийинчерээк бир тобу качкындар лагерлерине жайгашкан.

 

Тышкы иштер министрлиги Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген.

Өкмөт 2021-жылдан бери «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиясынын алкагында ал жактагы аялдар менен балдарды алып келе баштаган.

Сириядан жана Ирактан келген аялдар менен балдарды реабилитациялоо Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жүктөлгөн. Кыргызстанга кайтып келгендер менен атайын борбордо эки-үч ай аралыгында психологдор, теологдор, социалдык жана медициналык кызматкерлер иштешет. Кийин туугандарына өткөрүлүп берилет.