Баткенде милиция кызматкерлери үчүн кызматтык үйдүн курулушу башталды

Баткенде милиция кызматкерлери үчүн 32 батирлүү үйдүн курулушу башталды. Ички иштер министрлигинен маалым болгондой, турак жай Раззаков шаарында жайгашат.

 

Курулуш иштери ИИМдин Курулуш монтаждоо башкармалыгы тарабынан колго алынган.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн салынган кызматтык үй болгон эмес.