Бишкекте температура боюнча рекорд жаңыланды.
Синоптиктердин маалыматына ылайык кечээ, 15-майда ордо калаада аба 34,5 градуска чейин көтөрүлдү. Ага ылайык, орточо суткалык температура нормадан 9 градуска ашты.
Белгилеп кетсек, 15-майдагы эң ысык күн буга чейин 2004-жылы катталган. Анда шаардагы аба 33 градустан ашкан.