Мектеп окуучуларынын коопсуздугун төрт миңден ашык милиция камсыздайт

«Акыркы коңгуроо» салтанатында мектеп окуучуларынын коопсуздугун төрт миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

 

Мекеме ошондой эле ата-энелерди балдарынын коопсуздугун көзөмөлгө алып, бүтүрүүчүлөргө унаа башкартпоого чакырды.

 

Эске салсак, мектептерде «Акыркы коңгуроо» 25-майда кагылат. Быйыл 11-классты 73 миң окуучу аяктайт.