Бишкектин четинде 100 орундуу оорукана курулат. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендерди Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.
Сокулук районунун Новопавловка айылынын Ак-Ордо-3 конушунда салына турган медициналык жайга дээрлик 225 млн сом жумшалат.