Баткендеги 243 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

Баткендеги 243 үй-бүлөгө «Социалдык келишим» долбоорунун алкагында 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

 

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган долбоордун алкагында облус боюнча быйыл 1 миңден ашык үй-бүлөгө социалдык жардам берүү каралган. Учурда каражат 500дөн ашык үй-бүлөгө берилди. Алар бизнес баштап, жашоо-шартын жакшыртууга аракет кылышы керек.

 

Белгилеп кетсек, «Социалдык келишим» долбоору калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү максатында былтыртан тарта ишке ашырылууда.