Бишкектин Ак-Өргө конушунда жаңы спортзал пайда болот

Бишкектин Ак-Өргө конушунда жаңы спортзал пайда болот. Мэриядан билдиришкендей, объект мурдагы буу казан турган имаратта жайгашат. Ремонттук иштер аягына чыгып калды.

 

Имараттын чатыры, дубалдары бекемделип, канализация тармагы өткөрүлдү. Ошондой эле аймагын көрктөндүрүү иштери аткарылды. Муниципалитеттен белгилешкендей, спортзалда спорттун бир нече түрү боюнча машыгууларды, мелдештерди өткөрүүгө шарттар түзүлөт.