Кыргызстанда нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам 33 мамлекеттик ирригациялык объект жарактан чыкты. Үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларына карата маалымат менен Айыл чарба министрлиги бөлүштү.
Келтирилген материалдык зыян 13,5 миллион сомду түзөт. Ведомствонун адистештирилген бөлүмдөрү калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Андан кийин сугат суусун берүү жанданат.