Акыркы коңгуроо учурунда коопсуздук күчөтүлүп, жолдорго атайын күзөт посттору коюлат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кызматкерлер мектептерге бөлүнүп, коопсуздукту камсыздоодо.
Учурда ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер арасында тартип сактоо, коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле он жылдык, жыйырма жылдыктар тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу максатында күзөт посттору коюлуп, унаалар текшерилет.