Бишкекте жарандарга беш күн катары менен акысыз юридикалык кеп-кеңеш берилет. Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, иш-чара бүгүнтөн тарта 1-июнга чейин уюштурулат.
Анын алкагында адам укуктары жана эркиндиктерин коргоо жаатында зарыл болгон укуктук консультацияларды алса болот. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган акция ордо калаадагы ири соода борборлорунда өтөт.