Бишкекте Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

Бишкекте Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу бүгүнтөн тарта аталган көчөнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды.

 

Учурда Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Сүйөркулов көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүндө Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

 

Белгилеп кетсек, бул көчө Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми Ахунбаев көчөсү Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.