Бишкек мэриясы дээрлик 15 млн сомго тез жардам унааларын сатып алат

Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы “А” классындагы тез жардам унааларын сатып алат.

 

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, тендердин пландалган суммасы — 14 млн 693 миң 635,5 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 27-декабрга чейин тапшыруу зарыл.

3 тез жардам унаасы сатып алынмакчы.