Бишкек – Ош жолундагы кар көчкүдөн коргоочу галереянын курулушу толугу менен аяктады

Бишкек – Ош жолундагы кар көчкүдөн коргоочу галереянын курулушу толугу менен аяктады. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учурда объект катачылыктарды аныктоо жана жоюу этабынан өтүп жатат.

 

Тактап айтканда, 31-октябрга чейин кандайдыр бир бузуулар аныкталса, аткаруучу компания аларды өз эсебинен оңдойт. Эске салсак, галерея Чычкан капчыгайында жайгашат. Анын узундугу 460 метрди түзөт. Объект кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон мезгилде айдоочуларга коопсуз өтүүнү камсыздайт.