Сокулук – Белогорка унаа жолуна асфальт төшөө иштери уланууда

Чүй облусундагы Сокулук – Белогорка унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл аталган жолдун 3 чакырымына 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган.

 

Учурда эки чакырымдан ашык аралыкка асфальт жаткырылды. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №1 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.