Накталай эмес төлөм менен гана иш жүргүзгөн жеке ишкерлер ККМ колдонуудан бошотулат

Накталай эмес төлөм менен гана иш жүргүзгөн жеке ишкерлер ККМ колдонуудан бошотулат.

 

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Тиешелүү өзгөртүүлөр салык кодексине киргизилген. Кеп товар сатууда же кызматтарды көрсөтүүдө төлөмдү QR-код, POS-терминалдар, электрондук капчыктар, уюлдук тиркеме жана башка колдонмолордун жардамы менен жүргүзгөндөр тууралуу болуп жатат.

 

Ал эми төлөмдү накталай дагы, накталай эмес дагы кабыл алгандар ККМ аппараттарын колдонууга милдеттүү.