Ош облусундагы Жаңы-Барак айылында 98 үйдүн пайдубалы түптөлдү

Ош облусундагы Жаңы-Барак айылында 98 үйдүн пайдубалы түптөлдү. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жалпысынан 101 турак жай курулат жана калганы 16-июнга чейин бүтөт.

 

Эске салсак, Өзбекстандагы Барак эксклавынан көчүрүлгөн кыргызстандыктар үчүн Кара-Суу районунда Жаңы-Барак айылын куруу 6-майда башталган. Ага президент Садыр Жапаров катышкан.