Ахунбаев көчөсү Токтоналиевден Малдыбаев көчөсүнө чейин жабылды

Бүгүнтөн тарта Ахунбаев көчөсү Токтоналиевден Малдыбаев көчөсүнө чейин оңдоо иштерине жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Токтоналиев көчөсү унаа кыймылына ачык болот.

 

Учурда Ахунбаевдин Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

 

Белгилеп кетсек, Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоо бир нече этап менен жүргүзүлөт.