Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылды

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

 

Көчөнүн аталган бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери башталды. Мэрия келтирген ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, айдоочуларды маршрутту алдын ала пландап чыгууга чакырды.