Кыргызстанда жалпы үй шартында 138 менчик бала бакча иштеп жатат

Кыргызстанда жалпы үй шартында 138 менчик бала бакча иштеп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

 

Мекеменин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында, жаңы конуштарда үй тибиндеги 43 бала бакча ачылган. Ош шаарында жана Ош облусунда 18, Баткенде 12, Нарын менен Таласта сегизден, Чүй облусунда 24, Ысык-Көлдө 12 жана Жалал-Абад облусунда 13 үй шартындагы бала бакча мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүдө.