Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу кампаниясынын алкагында 500дөн ашык студент кабыл алынды

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу кампаниясынын алкагында 500дөн ашык студент кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

 

Жалпысынан кышкы кабыл алууга 822 талон каттоодон өтүп, 661 абитуриент катышкан. Анын ичинен 590у жогорку окуу жайларга кабыл алынды.

 

Эске салсак, 2022-жылы биринчи жолу ЖОЖдордо студенттерди кабыл алуу боюнча кышкы кампания жүргүзүлдү. Ал үчүн күзүндө жалпы республикалык тестирлөө уюштурулган.