Японияда “акылдуу” кашык тартууланды. Ал тамакты бир аз туздуу же таттуу кылуу үчүн атайын электр импульстары менен камсыздалган. Күтүлгөндөй, мындай өзгөчө кашык диетада отуруп, даамы жок тамак-ашты жегендерге жардам берет.
Кашык электр кубаттуулугунун 4 деңгээлине ээ. Анын эң жогоркусу дагы адамга зыян тийгизбейт. Бирок мындай кашык менен аллергиясы бар адамдарга колдонуу сунушталбайт.