АКШда дүйнөдөгү эң арзан үй сатыкка чыгарылды. Турак-жайдын баасы болгону 1 доллар.
Бирок ал жашоого такыр жарактуу эмес. Сырткы жасалгасы жана чатыр жабыркаган, айрым бөлмөлөрдө туш кагаз чапталбай, акталбай да калган.
Бакчасы дагы кейиштүү абалда. А бирок риелторлор үйдү жогору баада сата ала турганына ишенип жатат.
Болгону аны сатып алган жаңы ээлери үйдү толугу менен оңдоп чыгууга дагы бир топ каражатын жумшап калат.