Улуттук банк Санарип сом долбоорун ишке ашырууну улантууда

Улуттук банк Санарип сом долбоорун ишке ашырууну улантууда. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына караганда, мыйзамдык жана техникалык багытта иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, изилдөө, сунуштарды талдоо жана жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

 

Санариптик акча 2026-жылы ишке кирет деп пландалууда. Ага чейин сыноо иштери жүргүзүлөт.

 

Санарип сом – улуттук валютанын үчүнчү формасы катары жүгүртүүгө киргизилет жана ал жөн гана санариптик код түрүндө болот. Жарандар Санарип сомду бири-бирине которо алат, төлөм жүргүзүп, салык катары да төлөй алат.