Күйүүчү майдын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө сунушталды

Мунай ташуучуларга күйүүчү майдын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө сунушталды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

 

Мекеме күйүүчү-майлоочу майдын негизги көлөмү Россиядан келерин эске салат. Азыр алардын рыногунда күйүүчү майдын айрым түрлөрүнүн баасы кескин көтөрүлүп кеткени байкалууда, бул Кыргызстанга таасирин тийгизбей койбойт. Мындан тышкары, көптөгөн россиялык заводдор пландык оңдоолорду жүргүзүшөт.

 

Анткен менен жергиликтүү мунай ташуучуларга күйүүчү-майлоочу май менен керектүү көлөмдө камсыздоо тапшырылды.