Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу алмашты

Назарали Арипов Алматы шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Президенттин башка жарлыгы менен Жеңишбек Асанкулов Казакстандын Шымкент шаарын, Алматы, Жетысу, Жамбыл, Түркестан жана Кызылорда облустарынын аймагын камтыган консулдук округу менен Алматы шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды.