Бүгүн Свердлов, Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт иштери башталды. Боршайкомдон билдиришкендей, агитация 29-июнда эртең мененки саат 8де аяктайт.
Жалпысынан 29 талапкер катталган. Парламент депутаттарын шайлоо 30-июнда өтөт.
Эске салсак, алар мандатын ар кандай себептер менен тапшырган эл өкүлдөрүнүн ордуна келет.