БШК депутат Абдыбахаб Боронбаевди мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 14-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдыбахаб Боронбаевдин мандатын тапшыруу тууралуу жазган арызын карап, анын ыйгарым укуктарын токтотту. Чечимди БШКнын мүчөлөрү бир добуштан колдоду.

Мунун алдында Боронбаев мандатын өз эрки менен тапшыруу үчүн БШКга кайрылганы белгилүү болгон. Ал эмне себептен депутаттыктан кетип жатканы белгисиз.

Мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаев парламенттеги бийликчил “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайланып, депутаттык мандатты 2022-жылы алган. Боршайкомдун жыйынында Боронбаевдин соттуулугу жок экени айтылган.

 

Абдывахаб Боронбаев 1968-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Телман айылында төрөлгөн. Эгемендик жылдары Кара-Суу райондук керек-жарак коомунун товароведи болуп эмгектенип, 1996-жылдан 2020-жылга чейин Бажы кызматында ар кайсы кызматтарда иштеген. Кезинде Түштүк-Батыш бажысын жетектеген.

“Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери 2019-жылы кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп, кайра бошотулган.

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) бажыдагы коррупция боюнча Райымбек Матраимов менен чогуу коррупциялык схема уюштурган деп 38 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

 

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Райымбек Матраимов, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Анда Нурлан Ражабалиев 12 млн. сом, Абдыбахаб Боронбаев 8 млн. сом бюджетке төккөнү маалымдалган.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

Ага чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.

Экс-бажычы Райымбек Матраимов жана анын жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Ал өзү каякта экени белгисиз.