Кыргызстанда орточо айлыктын өлчөмү 34 миң 391 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлыктын өлчөмү 34 миң 391 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

 

Анын айтымында, маяна  өткөн жылдын ушул мезгил аралыгындагы айлыкка салыштырмалуу 11,7 пайызга өстү. Эң чоң өсүш соода, кыймылсыз мүлк операциялары, унаа оңдоо, курулуш, пайдалуу кен казуу, транспорт жана жүк сактоо тармактарында катталды.