Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди

Кыргызстандын аймагында 10-июнда саат 15:40та очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Ош облусунун аймагында, тагыраагы Сары-Таш айылынан түштүк-батышка карай 5 чакырым, Арча-Булак айылынан чыгышка карай 12 чакырым жана Ак-Босого айылынан түштүк-батышка карай 13 чакырым аралыкта жайгашкан.

 

Жер титирөөнүн күчү Сары-Таш айылында 3 балл, Ак-Босого жана Арча-Булак айылдарында 3 баллга жакын сезилген.