Сосновкада жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы тарабынан Бишкек — Ош унаа жолун кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери уланууда.
Эске салсак, аба ырайынын шарттарынан улам бүгүн эртең менен аталган тилкеде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген.