Бүгүнтөн тарта Бишкектин Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды

Бүгүнтөн тарта Бишкектин Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, кеп аталган көчөнүн Медеров жана Горький көчөлөрү менен чектелген бөлүгү тууралуу болуп жатат.

 

Белгилеп кетсек, Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы 15-июнга чейин аяктайт.