Бишкекте жол белгилери жаңыланууда

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Бишкек шаары боюнча жол белгилерин жаңылап баштады. Мунииципалитеттен билдиришкендей, учурда 12 адамдан турган бригада Баялинов жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Эркиндик бульварында эмгектенип жатышат.

 

Бригада жол белгилеринин мамыларын сырдоону ишке ашырат, ал эми жол белгилери жок же абалы жараксыз болсо, аларды орнотуу же алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Жол белгилерин жаңылоо иштери улантылат.