Бүгүнтөн тарта Бишкектен Балыкчыга поезд менен жетип алса болот. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдиргендей, поезд бир ай бою – жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрсө, 15-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттайт.
Жүргүнчүлөр үчүн стандарттуу, Люкс жана VIP-вагондор жеткиликтүү.
Поезд Бишкектен таңкы саат 7:40 чыгып, Балыкчыга 11:46да жетет.