Бизнесмендерге “Чакан, кичи жана орто ишкерликти ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында 6,5 миллиард сом берилди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражатты 10 миңге жакын ишкер алды.
Долбоордун алкагында 1 миллион сомдон 3 миллионго чейинки каржылык колдоо көрсөтүү каралган. Программа 2027-жылдын июль айына чейин ишке ашып, Кыргызстандын бардык аймагын камтыйт.