Кыргызстанда 5 миңден ашуун дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

Учурда “Айыл чарбасын каржылоо — 11” долбоору боюнча жеңилдетилген насыя 5 миңден ашык дыйканга берилди. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, анын жалпы суммасы 2 миллиард 260 миллион сомго жакындады.

 

Насыя эки категория  — өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы боюнча берилген. Анын теңинен көбүн  мал чарбачылык категориясы боюнча алышкан.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган.