Ноокен районунда сел жүрүп, 300 үй-бүлө коопсуз жерге эвакуацияланды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Кечээ, 17-июнда, Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата, Бостон айылдарында сел жүргөн.
Эки айылда 2 миң 643 үйдү суу каптап, 10 жашар баланы сел агызып кеткени маалымдалды. Жеринде куткаруу, сел кесепетин тазалоо иштери уланууда.