Жалал-Абад облусунда “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирет

Жалал-Абад облусунда “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирет. Бул максатта аталган аймакты өнүктүрүү фонду 20 миллион сом бөлүп берди.

 

“Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” форумунда айтылгандай, ошондой эле программаны ишке киргизүүгө жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтүүдө.

 

Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында калаанын көчө кесилиштери видео байкоо камералар менен камсыздалат. Алар жол эрежесин бузуу фактыларын каттайт.