“Рух ордо” туристтик борборуна кирүү акысы арзандады

“Рух ордо” туристтик борборуна кирүү акысы арзандады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди. Анын айтымында, буга чейин киши башына 500 сомдон алынып келген.

 

Жарандардын руханий азыктануусуна шарт түзүү максатында бул туристтик борборго кирүү акысы 350 сомго төмөндөтүлдү. Белгилеп кетсек, “Рух ордо” туристтик борборун буга чейин жеке жактар иштетип келген, кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.