Бүгүн Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Бүгүн Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат.

 

Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, анын Горький жана Бөкөнбаев көчөлөрүн бириктирген бөлүгүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет.

 

Ошондой эле Байтик Баатыр көчөсүнүн Ахунбаев менен кесилиши дагы тосулат. Белгилеп кетсек, учурда аталган көчөнүн Токтомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт төшөлүп, жол чийиндери түшүрүлдү.