Санариптик өнүктүрүү министрлиги ID-карталарды акысыз алмаштыруу улуттук кампаниясы тууралуу маалымат берди

Санариптик өнүктүрүү министрлиги ID-карталарды акысыз алмаштыруу улуттук кампаниясы тууралуу маалымат берди. Ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, алмашууга AN сериясы менен 2004-жылкы үлгүдөгү паспорттор жарактуу болот.

 

Алар заманбап талаптарга жооп бербей жана ыңгайсыз болуп калган.

 

Ал эми 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карталарды алмаштыруунун кажети жок, — дешти министрликтен. Эске салсак, кечээ президент Садыр Жапаров паспортторду акысыз алмаштыруу боюнча акция жарыялады. Ал 1-июлдан 31-августка чейин созулат.